|
- Бул менин үй-бүлөм. |
- Бул ким? |
|
|
- Бул атам. Ал – сүрөтчү. |
- А булчу? |
|
|
- Бул апам. Апам - мугалим. |
- Бул карындашыңбы? |
|
|
- Жок, бул карындашым эмес. Бул эжем. |
- Эжең студентпи? |
|
|
- Жок, студент эмес. Ал – котормочу. |
- Бул агаң да? |
|
|
- Жок, бул менин иним. Ал да окуучу. |
- Сен кайда окуйсуң? |
|
|
- 13-гимназия мектебинде. |
- Мен да 13 мектепте окуйм. Таанышканыма кубанычтамын. |
|
|
- Мен дагы. |
- Эртең сабакка кечикпей кел. |
|
|
- Албетте, келем, чоң энем мени сабактан кечиктирбейт. |